Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан өрт чыгып, ал толугу менен саат 16:13тө өчүрүлдү. Өрт аталган имараттын жер төлөсүнөн чыккан. Анда пеноплекс курулуш материалы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:39да Октябрь райондук №5 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:00дө чектөөгө алынган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда курулушу бүтө элек имараттын күйгөнү тууралуу видеолор тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан