Кыргыз эстрада ырчылары Элзар Тиленбаев менен Айгерим Эшимдин кыз-жигит мамилесинде экени айтылууда. Буга ырчы айымдын социалдык тармактарга чыгарган видеосу себеп болгон. Бул маалыматты тактоо үчүн ага байланышка чыктык.
"Элзар Тиленбаев экөөбүз кыз-жигит эмеспиз. Баары сөз кылып жаткан видеону менин жакында чыга турган клибимди тартуу учурунда жөн эле тартып койгон болчубуз. Элзар аталган клипке тартылган эмес", - дейт ал.
Ырчылардын бул видеосунан соң, интернет колдонуучулары аларга бакыт каалап, бир-бирине жарашкан түгөйлөр болорун жазышууда.