Актёр, вайнер Улан Эсенакунов уулдуу болду

Актёр, вайнер Улан Эсенакунов уулдуу болду. Бул маалыматты актёр мырза Instagram баракчасына жазып чыкты.

"Сүйүнчү! Ыйык Орозо айында уулдуу болдум. Бул сүйүнүчтүү кабарды силер менен тең бөлүшкүм келди. Уулубздун ден чоолугу чың, өмүрү узун, кыргыз элине кызмат кылган эр-азаматтардан болсун деп дуба кылып коюңуздар", - дейт ал.

Эске салсак, Улан Эсенакунов 2022-жылы июль айында сүйүктүүсү Нуризага үйлөнгөн.

Белгилей кетсек, актёр мырза "Жер тоголок", "Чала спортик", "Тиги-Бу", "Доске" жана башка бир катар кыргыз тасмаларда роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан