Баткенде контрабандалык дары-дармектерди ташып бара жаткан жаран кармалды (фото)

Баткен облусунда контрабандалык дары-дармектерди ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Дөбө айылында Орусиянын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен Лефлоксин 500 дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлган.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан