Түштүк кореялык белгилүү кино жылдыздар Ли Сын Ги менен Ли Да Ин расмий түрдө баш кошушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Ли Сын Ги менен Ли Да Индин үлпөт тою кечээ, 7-апрелде Сеулдун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Каннамгу районунда жайгашкан InterContinental Grand Seoul Parnas премиум-отелинде өткөн. Жаш жубайлар тоюна көп конок чакырган, арасында белгилүү жылдыздар дагы бар. Келген конокторго үлпөт той башталар алдында социалдык тармактарга сүрөт жарыялабоону суранышкан. Бирок ага карабастан жылдыздуу түгөйлөрдүн өтүнүчү орундалган эмес.
Белгилей кетсек, 36 жаштагы актёр Ли Сын Ги көбүнчө башкы ролдорду гана аткарса, анын 30 жаштагы жубайы актриса Ли Да Ин көбүнчө экинчи пландагы ролдорду аткарып келет.