Жети-Өгүздө түнкү саат 2де көлдө балык уулап жаткан браконьер кармалды

Экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районундагы көлдө түн ичинде балык уулап жаткан браконьерди кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 6-апрелден 7-апрелге караган түнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын 41 жаштагы тургуну Н.А. мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалган. Кармалган жарандан далил зат катары 16 даана Сига-Лудога балыгы, резина кайыгы жана балык уулоочу торлору алынды.
Аталган факты электрондук журналга катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына, ошондой эле жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан