Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” ишканасынын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 миллион евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жогорудагы факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан