Володимир Зеленський аскерлер менен чогуу ооз ачарга катышты (фото)

Украинанын президенти Володимир Зеленський мусулмандар менен чогуу ооз ачууга катышып, эми бул расмий деңгээлде жыл сайын өтүүчү салт болуп калаарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүн биз Украина үчүн ушундай салтты - расмий деңгээлдеги ифтарды баштайбыз. Биздин баатырларыбыз азыркы мусулман аскерлери. Биз Украина ар бир адамды баалай турганын, ар бир коомчулукту баалай турганын ырастайбыз", - деген Зеленський ооз ачуу маалында.

Зеленський Украина мамлекет ичиндеги мусулмандарга жана украиндер сыяктуу тынчтыкка жана жамандыктан коргоого умтулуп жаткан дүйнөдөгү бүткүл мусулман коомчулугуна ыраазы экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан