Астана: 6:0 эсебинде жеңип жаткан Сардарбек Конушбаев индиялык балбанга жеңилип калды

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Азия чемпиондугуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча 55 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Сардарбек Конушбаев алгачкы жүрүшүндө индиялык балбан менен кез келди.

Сардарбек Конушбаев биринчи бөлүктө 6:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Экинчи бөлүк башталары менен индиялык балбан активдүү болуп, эсеп санын 16:7ге айлантты.

Жыйынтыгында Сардарбек Конушбаев мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан