Азия чемпиондугу: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Азия чемпиондугуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүндө түркмөнстандык балбан менен кез келди.

Акжол Махмудов биринчи бөлүктө эле эсеп санын 9:0гө айлантып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштаган.

Жарым финалда Акжол Махмудов түштүк кореялык менен япониялык балбандын жеңүүчүсү менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан