Москвада Кыргыз жараны 60 миллион рублга алданып калды

Москва шаарында кыргызстандык жаранды шылуундар 60 миллион рублга алдап кетти. Бул тууралуу Mash telegram каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын 32 жаштагы жараны 60 миллион рублды швейцариялык франкка алмаштырмак. Ал телеграм каналдан кымбатыраак акча алмаштыруучу жайдын дарегин алып, барган. Ал акчаны кассирге тапшырган, бирок кассир эсептөөчү машинан бузулуп калганын айтып, арткы бөлмөгө кирип кеткен. Ал кассирди күткөн бирок кассир келген эмес. Ал алданып калганын түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Полиция акча алмаштыруучу жай жасалма экенин аныктаган. Учурда кыргызстандыкты алдап кеткен шылуундар изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-04-10 12:55:00
Мекендештер эхтият болунуздар. Москва коз жашка ишенбейт дегендей ото сак болгула. Ар бир кадамынарды жети олчоп баскыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан