
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
2023-жылдын 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылды.