Бишкекте мыйзамсыз арак жасаган цехтин ээси кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда мыйзамсыз арак жасаган цех аныкталып, анын кожоюну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1971-жылы туулган О.Н. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ал Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенген деп шектелүүдө.

"Анын үйүнөн спирттей кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, ар кандай маркадагы бөтөлкөлөрдүн алдыңкы бетине колдонула турган чаптамалар бар 12 куту, капкактар салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран "Берекет Универсал" соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси болуп, аны тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максатында дагы бир нече даректерде, анын ичинде жеке менчик үйлөрдө, дүкөндөрдө, кампаларда тергөө амалдары жүргүзүлдү.

"Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында тинтүү учурунда спирт кошулган ичимдиктер куюлган 17 550 бөтөлкө, 1 086 литр спирт, 3 500 акциздик маркалар, көптөгөн бөтөлкө капкактары салынган куту жана башка буюмдар табылып алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Соттун чечими менен ага карата 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан