Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон адамдар аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде саат 21:30 чамасында Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кеткен 51 жаштагы У.М. жана 34 жаштагы М.А. аттуу жарандар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аларды издөөгө Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Жети-Өгүз райондук өрткө каршы бөлүмүнөн 1 офицер, унаа жолду тазалоо үчүн №3 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана “Кара-Сай” чек ара тозотунан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган.
Издөө иштеринин жыйынтыгында чек ара кызматкерлери тозоттон 18 чакырым алыстыктан Жети-Өгүз районунун дайынсыз болгон 2 тургунун аман-эсен табышкан.