Бишкекте мыйзамсыз дары-дармек саткан эки дарыканага айып пул салынды

Бишкек шаарындагы эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, күчтүү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча жарандардан арыз-даттануулар түшкөн. Буга байланыштуу дарыканаларга текшерүү жүргүзүлгөн. Анда рецепти жана кассалык чектери жок күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкектин аймагында жайгашкан эки дарыкана пунктунда мыйзам бузуулар аныкталган. Жалпысынан тропикамиддин 30 флакону, лириканын 38 капсуласы (прегабалин) жана 19 Сомнол таблеткасы алынган.

Аталган дарыкана пункттарына өлкөнүн “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 77-беренеси, 84-беренесине ылайык жалпы суммасы 79 миң сомго айып салынды.

Мындан тышкары дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын бирине карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардан кийин юридикалык баа берилет.

ИИМдин БМЖКККнын жана Департаменттин кызматкерлери фармацевтерге рецепт көрсөтүлгөндө гана сатууга уруксат берилерин, күчтүү дары-дармек каражаттарына таандык соода эрежелерин бузган учурда Кылмыш-жаза кодексинин 294-беренеси (Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан