Бишкекте ижарага айдап жүргөн Хонда Фит унаасын башка бирөөгө сатып жиберген жаран кармалды

Аламүдүн районунда кийинки сатып алуу менен ижарага айдап жүргөн бирөөнүн Хонда Фит унаасын сатып жибергенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, милицияга Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 2022-жылдын сентябрь айында ижарага берген унаасын 1992-жылы туулган Н.М. аттуу жаран үчүнчү жакка сатып жибергендигин билдирген. Ал үчүн 7000 доллар зыянга учураганын билдирген.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 8-апрель күнү 1992-жылы туулган Н.М. аттуу жаран кармалды.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-04-10 21:49:00
абдан кайгылуу.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан