Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип чет элдик жаран кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде саат 05:35те милицияга Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринде жергиликтүү тургундун жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркум бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугун аныкташкан.

Ошол эле учурда эки колунун чыканагы кесилген абалда аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө өлтүрүлгөн жансыз дене табылган даректе жашаган Я.З аттуу жаран түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган С.Е. аттуу чет элдик жаран кармалган. Аны тинтүү учурунда жанынан кандын изи бар узундугу 25 сантиметр болгон бычак табылган.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-04-10 21:46:00
чектерден тышкары.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан