Ирандык балбан Үзүр Жусупбековду финалда симуляция менен жеңип алды

Коңшу Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков күмүш байге утту.

Кыргыз балбаны финалда ирандык Мехди Валихамзеде аттуу балбан менен кез келди. Беттеш аяктаарына 25 секунд калганда Үзүр Жусупбеков атаандашын 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Эч нерсе кыла албай калганын билген ирандык балбан өзү Үзүр Жусубековду башы менен сүзүп, атайын симуляция жасап, жерге чекесин кармап жыгылды.

Мындан улам калыстар Үзүр Жусупбековду эреже бузду деп эсептеп, ирандык балбанга 2 упай берди. Буга нааразы болгон кыргызстандык машыктыруучулар "челленж" баскычын басты. Видео кайталоодон кийин калыстар ирандык балбанга дагы бир упай берди.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:4 болуп, ирандык балбан симуляция менен жеңишке жетти. Ага залдагы күйөрмандар нааразычылыгын билдиришти.

Муну менен Үзүр Жусупбеков Азия чемпиондугунда алтынга тете күмүш байгени утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан