Кыргыз бийчилери Испанияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болушту

Кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Испанияда өткөн "WDSF Open - Spain 2023" эл аралык турнирде алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстан бий спорт федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге катышкан 24 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова алтын медалды жеңип алышкан.

Белгилей кетсек, аталган эл аралык турнир 8-апрелде өткөн. Ага Италия, Германия, Испания, Франция, Украина жана башка европа өлкөлөрүнүн бийчилери катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан