Бишкекте үч күн мурун 11-кабаттан кулап каза болгон жарандын өлүмү териштирилүүдө

Бишкекте курулуш объектисинде иштеген 21 жаштагы жаран 11-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 11-апрелде Биринчи Май РИИБинен тастыктады.

Ага ылайык, окуя 8-апрелде орун алган. Аталган факты маалыматтардын каттоо журналына катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милициядан анын жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан