Орусиянын Башкы прокуратурасы ырчы София Ротаруну кыймылсыз мүлкүнөн ажыратышы мүмкүн

Орус эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти София Ротару Орусиядагы кыймылсыз мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Биздин уюмдун жетекчилиги Тергөө комитетине жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул Ротарунун Украинанын куралдуу күчтөрүнө мүмкүн болгон каржылык колдоосу менен байланыштуу. Биз анын Москвадагы жана Ялтадагы кыймылсыз мүлктөрүн тартып алып, сатууну талап кылып жатабыз. Түшкөн каражат Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарына жумшалат", - дейт "Орусиянын ардагерлери" коомдук уюмунун аткаруучу директору Вадим Мироненко.

Жогорудагы арыздын негизинде Орусиянын Башкы прокуратурасы ырчы София Ротаруну "Украинанын куралдуу күчтөрүнө каржылык колдоо көрсөткөн" деген шек менен Москвадагы кыймылсыз мүлкүнөн ажыратуу маселесин карап жатат.

Маалыматка караганда, ырчы айым Москванын Зоология көчөсүндө жайгашкан батиринен ажырашы мүмкүн. Аталган батирдин аянты 120 чарчы метрди түзүп, ичинде италиянын гарнитурлары жана сыртта күзөт кызматы бар. Бирок үй ээси менен кызматчылары көптөн бери көрүнбөй калганы айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин София Ротару Орусиядагы кыймылсыз мүлктөрүн сатып жатканы маалымдалган. Ырчынын Москвадагы турак жайынан сырткары, Крымда эки батири болгон, алардын бирин сатып жиберген. Андан сырткары, Ялтада ээлик кылган мейманканасын уулуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан