"Жубайым мени, мен ата-энемди куттуктадым" дейт 35 жашка толгон Азамат Исмаилов

Бүгүн, 11-апрелде "тамашоучу", режиссёр, актёр Азамат Исмаилов 35 жашка чыкты. Актёр мырза өздүк майрамын жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн айтат.

"Туулган күнүмдү түнкү саат 12де жубайым менен уулум биринчи куттукташты. Андан кийин бизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энебизге чалып аларды куттуктадык. Негизи өздүк майрамга маани деле бербейм, үй-бүлөбүздүн курчоосунда эле өткөрүп коёбуз", - дейт ал.

Азамат Исмаилов 1988-жылы 11-апрель Нарын шаарында туулган. 6-классынан тарта Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училещеде окуган.

"Тамашоу" долбоору аркылуу калың элге таанылган. Алгач "Жигиттер" командасында оюн көргөзсө, кийин "Тамадалар" командасы менен сахнага чыгып жүргөн.

"Тамашоучу" "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган.

Белгилей кетсек, Азамат Исмаилов 2014-жылы күз айында сүйүктүүсү Сымбатка үйлөнгөн. Учурда эки уул, бир кыздын ата-энеси.

11-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан