Бүгүн, 11-апрелде Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Ал алгач кореялык Минжи Ханы 10:0 эсебинде ишеничтүү түрдө жеңди. Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 килограмм салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап күч сыноодо.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.