Ошто сегиз жаранды "үй алып беребиз" деп алдап кеткенге шектүү 2 аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоӊ-Алай районунун Карамык айылынын сегиз тургуну Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын февраль айында 1979-жылы туулган С.Ы. жана 1965-жылы туулган Б.К. аттуу аялдар аларга араб өлкөлөрү тарабынан курулган үйлөрдөн алып беребиз деп, ар биринен 100 миң сомдон алып, азыркы күнгө чейин убада кылган үйүн же акчасын кайтарып бербей алдап жүргөндүгү айтылат.
Кылмышты жасаганга шектелип 1979-жылы туулган С.Ы. аттуу Кемин районунун тургуну жана учурда Бишкекте жашап жаткан 1965-жылы туулган Б.К. аттуу Өзгөн районунун тургуну кармалган.
Учурда алар Ош ШИИБинин тергөө кызматында арыздар боюнча суралууда.