Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланууда.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уланды. Анда 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыкты. Жарым финалда ал япониялык Мизуки Нагашима аттуу япониялык балбанды 3:2 эсебинде жеңип алды.
Айпери Медет кызы финалда жергиликтүү Элмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен күрөшөт.
Ошондой эле 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жарым финалда япониялык балбанга 6:2 эсебинде жеңилип калды. Эми Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык Елена Шалугина аттуу балбан менен күрөшөт.