Ырчы, алып баруучу Сагын Эргешов менен өзбек ырчысы Севинч Муминова Ош шаарында концерт коюшат. Бул тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди.
"Буюрса, 9-майда Ош шаарынын стадионунда өзбек ырчысы Севинч Муминова менен "Кыргыз-өзбек достугу" аталышында чоң программадагы концертибиз болот. Концерт 1 гана күнгө пландалган. Эгерде уюштуруучулар менен бир келишимге келсек, келген көрүүчүлөр биздин дуэтибизге күбө болушат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Сагын Эргешовдун репертуарында "Жүрөгүмө жашап алгансыңбы?", "Арман", "Ананайын Айдайым", "Сүйөм сени" аталышындагы ырлары бар.