Жалал-Абадда каракчылыкка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымат берди.
Ага ылайык, милицияга 19 жаштагы Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Жалал-Абад шаарынын "Айгүл" соода борборунун алдында бейтааныш эки жигит бычак менен коркутуп, 40 миӊ сомдук Айфонун тартып алып коюшканын билдирген. Окуя 20-мартта саат 17:30 чамасында орун алган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон 21 жаштагы Сузак районунун тургуну Ж.А. жана 20 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.