Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда медалга илинбей калды.
Жуманазарова жарым финалда утулуп, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок коло байге үчүн күрөштө ал мурдунан жаракат алды.
Дарыгерлер Мээрим Жуманазаровага күрөштү андан ары улантууга уруксат берген жок. Жыйынтыгында кыргыз балбан кызы көзүнө жаш алып килемди таштап кетти.