Казакстандагы Азия чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команда мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалым болгондой, спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кечээ, 11-апрелде аэропорттон Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана туугандары тосуп алышты.
Балбандар жалпы 7 медалга ээ болушту: 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль. Алар:
Белгилей кетсек, Казакстанда өткөн Азия оюндарында эркектер арасында өткөн грек-рим күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Азия чемпиондугу Астана шаарында 9-апрелде башталган болсо 14-апрель күнү жыйынтыкталат.