Актёр Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманова ата-эне болорун ачыкташты

Актёр, вайнер Нуркул Адылбеков менен актриса Мадалена Абдрахманова тун наристесин күтүп жатышат. Бул тууралуу актёр мырзага байланышканыбызда белгилүү болду.

"Башында наристелүү болорубузга ишенген жокмун. Клиникага барып, так анализдер чыккандан кийин ишендик. "Ушинтип эле Кудайым буйруп ата-эне болобузбу?" деп Мадалена экөөбүз тең аябай сүйүндүк. Жарыялагандан дагы бир аз корктук. Болбой эле билинип калды. Буюрса, эки ай ичинде ата-эне болобуз деп күтүп жатабыз", - дейт ал.

Эске салсак, Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманова 2022-жылы 8-июлда баш кошушкан. Актриса белгилүү актёрлор Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашованын тун кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан