Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын биринчи оюнунда "Манчестер Сити" өз үйүндө "Баварияны" утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Оюндагы эсепти биринчи таймда Родри ачса, экинчи таймдын 70-мүнөтүндө Бернардо Силва, 77-мүнөттө Эрлин Хааланд гол киргизди.
Ал эми жооптук беттеш 20-апрелде өтөт.
Чейрек финалдын алкагында “Интер” менен “Бенфика” командалары да беттешип, мелдеш италиялык клубдун жеңиши менен аяктады.
Эскерте кетсек, эртең, 13-апрелде “Реал” менен “Челси” жана “Милан” менен “Наполи” командаларынын оюндары болот.