Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири 1977-жылы туулган А.А.С. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты.
Ал башка жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.