Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМК маалымдайт.
Кабарлангандай, кечээ, 11-апрелде Ж.А. аттуу тергөөчү 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ага карата "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Жогоруда аталган тергөөчү жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.