Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда спортчу Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Маалым болгондой, Тыныбекова 62 килограмм салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү.
Анда япониялык Нонока Озока менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Айсулуу Тыныбекова 2 упайды чогуу, ал эми жапон кыз бир-бирден бөлүп алганы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.
Тыныбекова буга чейин Дүйнө чемпиондугунда дал ушул япониялык спортчуга жеңилип калган болчу.
Ал эми алтын үчүн кармашта Кыргыз спортчусу монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө. Аны УТРК Спорт каналы түз алып көрсөтүп жатат.