Токмок шаарында жаранды ири өлчөмгө алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал З.В. аттуу таанышы аны алдоо жолу менен 1 миллион 420 миң рублун алып, ошондон бери кайтарбай жүргөнүн билдирген.
Аталган факт 2023-жылдын 22-мартында Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-апрелде бул кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган З.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.