Баткенде электр зымдарынын кыска туташуусунан турак үй өрттөнүп кетти

Баткен облусунун Раззаков шаарында электр зымдарынын кыска туташуусунан турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бүгүн, 12-апрель күнү Раззаков шаарынын Тайлан айылындагы Тажибаев көчөсүндө турак үйдө өрт чыгып, аталган дарекке саат 14:20да №74 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылган.
Жалын саат 15:21де чектөөгө алынып, 15:51де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен 7 бөлмөлүү турак үйдүн 2 бөлмөсү жана үй буюмдары зыянга учураган", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жалпы ээлеген аянты 59 чарчы метрге жеткен өрт электр тогунун кыска туташуусунан чыккан.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан