Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жанындагы талаада рейд учурунда Тору-Айгыр айылынын 34 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинен 12-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, ошондой эле атылган 2 кыргоол табылып алынган. Кармалган С.Н. аттуу жарандын жанында ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтери жок болуп чыккан.
Аталган факты маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Ал эми алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.