Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга маяна төлөнүп келгени аныкталды

Баткенде балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы "Кулунчак" мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып жүрүшкөн.

Бул мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип, төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан