Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш уурулук фактысы катталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаранды издөө иштери башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде жогорудагы кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон А.Масалиев айыл аймагынын 45 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына камсыздалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан