Дагестанда кыргызстандык “Хизб ут-Тахрир аль Исламинин” мүчөсү кармалды

Дагестанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” эл аралык террордук партиянын мүчөлөрү жашаган жерлерде атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада аталган партиянын 52 мүчөсү кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны Казимжан Шералиев да бар. 
Орусия ИИМинин 10-декабрда берген маалыматка ылайык, кармоо бир учурда 47 дарек боюнча жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 2 граната, электрошокерлер, жардыргыч заттар, экстремисттик маанайдагы материалдар жана дүйнөлүк халифатты даңазалаган бир топ адабияттар табылган. 
Кармалгандардын 3 лидери камалып, калгандары тергөөдөн өтүшүүдө. Мындан сырткары кыргызстандык Шералиевди камоо маселеси каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayim.92
2013-12-11 09:01:21
Кыргызстандык мигранттарды кармоого дагы бир причина табылды окшойт
0
nurikkg1
2013-12-11 09:38:38
ЖОО жакшы кылат терор болсо
-1
Bagirra
2013-12-11 10:06:08
Бизге ушул жетпей атты эле, первый каналдын новостисин коруп журогум шуу деп кетти, 1 сасыткы бут кыргыздын атын булгап
0
bey
2013-12-11 10:52:02
Кыргызстанда да тазалоо иштерин жургузуш керек “Хизбут-Тахрир аль Ислами”мучолоруно, аларга 2 жума убакыт бериш керек оздору келип колго тушушун, болбосо омур бою эркинен ажыратып камаш керек.Керек болсо олум жазасын колдонуш керек бул эки бутуу айбандарга..!!
+1
Ali.Ht
2013-12-11 19:01:18
бул жамаат еч кандай курал жарак менен иш алып барбайт жана андай учур тузулгондон бери боло елек, бул жамаат только саясий, пикирий иш алып барат, мине деген нерселер менен жаманатты кылып атат бирок айткылачы токтото алдыбы? еч качан еч бир держава токтото албайт, аягы ИСЛАМ, келет буга 100% ишенем!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан