Ысык-Көлдө кар күрткүсүндө калып калган жарандар жылынуучу жайга жеткирилди

Ысык-Көлдө кар күрткүсүндө калып калган жарандар жылынуучу жайга жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы кар күрткүсүндө калып калган 3 унаа чыгарылып, 8 жаран 82-чакырымда уюштурулган жылынуучу жайга жеткирилди. Ал эми 4 адам 1 унаа менен артка кайтарылды.

Кар аралаш бурганакка карабастан учурда жолчулардын аракети менен Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Эске салсак, 12-апрелде аталган каттамдагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан