Кадамжай ооруканасында уурулук кылып жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кадамжай аймактык ооруканасынын эки кызматкери 5-апрель күнү иш бөлмөлөрүнөн ичинде акча, банк карталары, жарандык паспорттору менен капчыктары уурдалганын билдиришип, милицияга арыз жазышкан.
Бул арыздар Кадамжай райондук милициясына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-апрель күнү Ош шаарынан мурда сот жообуна тартылган 65 жаштагы тургуну У.Х. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Азыркы күндө уурдалган нерселер өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.