Ысык-Көл райондук сотунда 150 документтин жоголуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш жана жарандык иштер боюнча документтер жоголгон. Документтерге жооптуу кызматкерлерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон.
Азыркы учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.