Балбан Алмаз Сманбеков Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты.

Белгилүү болгондой, балбан 57 килограмм салмак категориясында мелдештин тандоо турунан баштап катышып жатат. Сманбеков пакистандык жана казакстандык спортчуларды жеңип, жарым финалга көтөрүлгөн. Анда монголиялык Занабазар Занданбудга каршы килемге чыгып, аны 8:6 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу Астана шаарында 9-апрель күнү башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан