
Татарстандын Жогорку соту 2021-жылдын май айында Казань шаарындагы гимназияда ок аткан 21 жаштагы Ильназ Галявиевди өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сот Галявиевди эки же андан көп адамды, анын ичинде жашы жете электерди өлтүрүүгө аракет кылган, ошондой эле жардыргыч заттарды даярдоо жана сактоо боюнча күнөөлүү деп тапты. Андан жабыркагандардын жалпы саны 600дөн ашуун.
11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголгон. Август айында Галявиев психиатриялык текшерүүдөн кийин абактагы психиатриялык ооруканага которулган.