Кызыл-Кыя шаарында белгисиз балдардын тобу ызы-чуу салган. Окуя 13-апрелге караган түнү саат 01:35те болгонун SUPER.KG порталына Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта окуя тууралуу билдирүү түшөр замат жерине Кызыл-Кыя ШИИБинин башчысы жана ыкчам тергөө тобу барганы айтылат. Анда 60-70тей бала колдоруна таяк кармап, таштар менен жолдун жээгинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин талкалап жаткандыгына күбө болушкан.
Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышкан, бирок белгисиз топ аларга карата таш ыргыткан. Натыйжада милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыркаган.
Ыкчам топ жаш балдардын кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБинин жетекчилиги тарабынан “Айгай” көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, атайын иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен.
Бир түн ичинде көчөдө жүргөн 14 өспүрүм кармалып, азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар же жоктугу такталууда.
Териштирүү иштери уланып жатат.