Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 12-апрелинде Предтеченка айыл аймагынын башчысы Б.С. мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды.
Аталган айыл аймагынын башчысы жер бөлүштүрүү ишмердигинде жер комиссиясынын чечими жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбай, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди берип койгон. Анын мыйзамсыз бул иш-аракети жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратканда, ал мыйзамсыз аракеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштаган.
Андан сырткары, Б.С. комиссиянын айрым мүчөлөрүн эски мөөнөттөр менен документтерге кол коюуга көндүрүп, УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.
Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.