Сүлүктүдө сейфтен акча уурдаган 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Сүлүктүдө сейфтен акча уурдап кеткен 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын тургуну кечээ, 12-апрелде үйүндөгү темир сейфтин ичинен белгисиз жарандар 80 400 сомун жана 400 долларын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Аталган кылмышка шектелип Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну Раззаков шаарынан кармалды. Ал жашырып койгон 59 миң сомду далил катары алып берип, социалдык кызматкерлердин катышуусунда тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан