Ош облусунун 2 тургуну диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 12-апрелинде А.Р.А. аттуу жаран "ХТИ" диний-экстремисттик уюмунан жана М.Ф.Х. аттуу жаран "ИМ" эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынан баш тартты.
Белгилей кетсек, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн радикалдык-экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.