Бишкектеги Юнусалиев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жөө адамдар өтүүчү жерден жолдон өтүп бара жаткан эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Кырсык кечээ, 12-апрелде болгон. Анда №17 троллейбустун айдоочусу эки окуучуну сүзүп алган. Окуучулар дароо ооруканага жеткирилген. Алардын абалдары жакшы.
Шаар тургундары кырсык катталган жерде жол чырак жок экенин айтып, Бишкек мэриясынан светофор коюп берүүнү суранышты.